16:43
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Блогер Батмакан Жолболдуеванын иши боюнча милиция кызматкерине сөгүш жарыяланды

Блогер Батмакан Жолболдуеванын иши боюнча Баткен райондук ички иштер бөлүмүнүн  11 кызматкерине сөгүш жана беш кызматкерине катуу сөгүш берилди. Бул тууралуу Акыйкатчы институту кабарлады.

Маалыматка караганда, Акыйкатчы блогердин иши боюнча милиция кызматкерлерине чара көрүү боюнча облустук ички иштер башкармалыгына сунуш жөнөткөн.

Акыйкатчынын сунушу менен РИИБдин башчысынын орун басары кызматынан бошотулду.

Жолболдуева Арзыгүл Галымбетованын өлүмүнө шек саналып кармалган, ага Кылмыш-жаза кодексинин «Этиятсыздыктан өлүмгө алып келүү», «Жеке жашоонун кол тийбестигин бузуу», «Документтерди жасалмалоо»жана«Бейбаштык» беренелери менен төрт кылмыш иши козголгон.

Эң көп окулган жаңылыктар