10:53
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

COVID-19. Бир суткада 29 кишиден вирус аныкталып, эки бейтап каза болду

Кыргызстанда 2-мартка карата коронавирус дагы 29 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Анын айтымында, анын ичинде Бишкек шаарында — 19, Чүй облусунда — 6, Ош облусунда — 2, Ысык-Көл облусунда — 2 адамдан илдет табылган.

«Ал эми бир суткада 94 адам илдеттен сакайды, анын ичинде Бишкек шаарында — 40, Чүй облусунда — 15, Талас облусунда — 11, Нарын облусунда — 2, Ысык-Көл облусунда — 16, Жалал-Абад облусунда — 9, Баткен облусунда — 1 бейтап айыгып чыкты», — деп айтылат маалыматта.

Сутка ичинде Бишкек шаарында жана Чуй облусунда бирден бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 161 бейтап, амбулатордук түрдө 491 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 200 миң 556 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 195 миң 368 киши айыгып чыкса, 2 миң 960 адам каза болду.

Эң көп окулган жаңылыктар