16:53
USD 88.21
EUR 95.66
RUB 0.97

Пенсияга эрте чыгуу укугун жоюу пландалууда

Кыргызстанда пенсияга жеңилдетилген шартта эрте чыгуу укугун алып салуу пландалып жатканы Жогорку Кеңеште Социалдык фонддун бюджетинин талкуусунда айтылды.

Социалдык фонддун төрагасынын орун басары Гүлнара Жуматаева мекеме мындай популярдуу эмес чарага барууга аргасыз болуп жатканын билдирди:

«Ар бир экинчи пенсионер пенсияга жеңилдетилген шарт менен чыгып жатат. Бүгүнкү пенсионерлердин 40% — жеңилдик алуучулар. 13 жыл, 8 жыл эрте пенсияга чыгып алгандар бар. Иштеп да, пенсия да алып жаткандар бар. Ошентип чындап үйдө отурган карыларга алгылыктуу пенсияга акча жетпей калып жатат. Азыр мыйзамдарга өзгөртүү киргизип жатабыз. Бул популярдуу эмес чара, бирок ага барбасак болбойт. Жеңилдик менен пенсияга чыгуучулардын мөөнөтүн жок дегенде этап-этабы менен алты айдан болсо да жогорулатуу керек. Пенсияга мөөнөтүнөн мурда чыгуу дегенди да таптакыр жок кылалы деп жатабыз — аялдарга 58, эркектерге 63 жаш деп».

Жыйынга катышып жаткан Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов өкмөт популярдуулук алуу үчүн эмес, жоопкерчиликтүү чечимдерди кабыл алуу үчүн келгенин кошумчалады.

Социалдык фонддун маалыматына караганда, Кыргызстанда азыр 714 миңден ашуун пенсионер бар. Алардын 51% (365 миң 966 адам) жашоо минимумунан жогору өлчөмдө, ал эми 49% (348 миң 623 адам) бул көрсөткүчтөн төмөн пенсия алат.

Жашоо минимуму 5800 сомдун тегерегинде.

Эң көп окулган жаңылыктар
17-май, жума