05:35
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Финполду жоюу боюнча ликвидациялык комиссия түзүлдү

Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматын (финансы полициясы) жоюу боюнча өкмөттүн чечимине ылайык ликвидациялык комиссия түзүлдү.

Ликвидация боюнча комиссияга: ЭККМК кызматкерлерин бошотуу жана бошонуу жөлөкпулун, ошондой эле башка кошулуучу төлөмдөрдү мыйзамга ылайык төлөө; кредиторлор менен эсептешүү жана ведомствонун дебитордук карызын төлөтүү; мүлкүн каттоо жүргүзүү; Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын ликвидациялык балансын даярдоо жана аны өкмөткө бекитүүгө жөнөтүү; мыйзамга ылайык Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине, Мамлекеттик кадр кызматына финансы полициясынан бошотулган кызматкерлерин окутуу, кайра даярдоо боюнча сунуштарды киргизүү; ЭККМК өндүрүшүндөгү кылмыш иштерин жана материалдарды белгиленген тартипте тиешелүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга өткөрүп берүү тапшырылды.