16:05
USD 88.66
EUR 94.91
RUB 0.96

Кыргызстандагы студенттердин 35 пайызы чет өлкөнүн жарандары

Кыргызстанда 83 миңге жакын чет өлкөлүк студенттер билим алат. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитет маалымдайт.

Кыргызстанда билим алууга көбүнчө КМШ өлкөлөрүнөн (71 пайыз) келишет. Алардын саны беш жыл аралыгында 7,7 эсеге көбөйгөн.

Акыркы 5 жыл аралыгында Өзбекстандан келген студенттердин саны өсүп,  11 пайыздан 90 пайызга чейин көбөйгөн.

Окуп жаткандардын санынын өсүү тенденциясы КМШдан тышкаркы өлкөлөрдөн келген студенттердин арасында да байкалууда, алардын үлүшү өткөн беш жылда 6 миңден 19 миң адамга же 3 эсеге көбөйдү. Муну менен бирге Индиядан келген студенттердин үлүшү бул мезгил ичинде 73 пайыздан 63 пайызга чейин төмөндөгөн болсо, ал эми Пакистандан келген студенттердин үлүшү тескерисинче 6 пайыздан дан 31 пайызга чейин көбөйгөн.

Эң көп окулган жаңылыктар