УКМК Жогорку Кеңештин мурдакы депутаты Алиярбек Абжалиевди кармады. Бул тууралуу өздүк булактар билдиришти.
Маалыматка караганда, экс-депутат алдамчылыкка айыпталууда.
«Жогорку Кеңештин мурдакы депутаты ишкерди 2 миллион долларга алдап кеткен. «Алдамчылык» беренеси менен иш козголуп, ага айып тагылды. Сот тарабынан аны тергөө учурунда шектүүнү камакка алуу айыбы тагылды», — дейт ал.
Алиярбек Абжалиев мурдакы президент Садыр Жапаровдун кудасы.

