12:37
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Депутаттар президентке нараазы. Алар каршы болгон кандидат элчиликке дайындалды

Жогорку Кеңештин профилдик комитетинин каршылыгына карабай президент Кыргызстандын Украинадагы элчисин бекитти. Бул тууралуу жыйында депутат Айбек Осмонов билдирди.

Ал бул чечимди талкууга алууну сунуштады.

«Биздин комитет ага макулдук берген эмес. Бул туура эмес. Мындай болсо Тышкы иштер министрлиги өзүнүн талапкерин сунуштабай эле койсо болмок», — деди ал.

Белгилей кетсек, УКМКнын мурдакы төрагасы Идрис Кадыркуловду Украинага элчи кылып дайындоого депутаттар макулдук берген эмес. Бирок ага карабай президент аны элчилик кызматка бекитти.

Эң көп окулган жаңылыктар