Министрлер кабинетинин маалымат кызматы билдиргендей,Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Чет жердеги жарандарды ишке орноштуруу борборун түзүү чечими кабыл алынды.
«Аталган чечим эмгек мигранттарынын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн укугун коргоого багытталган» деп айтылат билдирүүдө.
Бейрасмий маалыматтарга караганда, бир миллионго чукул кыргызстандык эмгек миграциясында жүрөт. Алардын көбү — Орусияда. Орусиядан башка Түркия жана Казакстанга да барып иштеген мигранттар көп.
Кыргызстанды 2026-жылга чейин өнүктүрүү программасына ылайык, жакынкы беш жылда бийлик өлкөдөгү жумушсуздукту 5,8ден 5 пайызга чейин кыскартууга ниеттенүүдө.

