20:51
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Тажикстанда он кыргыз жараны кармалып турат

Президенттин Баткендеги атайын өкүлү Абдикарим Алимбаев ушул тушта Тажикстанда он кыргызстандык жаран кармалып турганын «Азаттыкка» билдирди. Ошол эле учурда Кыргызстанда дагы кармалган тажик жарандары бар экенин маалымдады.

«Биз алардын баарын бошотконго аракет кылып жатабыз. Мен бул боюнча Согд облусунун губернатору менен сүйлөштүм, кат жолдодум. Ал дагы өздөрүнүн жарандарын бошотууну суранып жатат», -деди Алимбаев.

Алимбаев тажик түрмөсүндө каза тапкан кыргызстандык жаранга байланышуу укук коргоо органдары тиешелүү аракеттерди көрүп жатканын кошумчалады.

Мунун алдында Кыргызстандын Тажикстандагы элчилиги тажик түрмөсүндө жаткан 1953-жылкы кыргызстандык жаран каза тапканын билдирди. Мындан улам бул жарандын өлүмүнүн себебин калыс, адилет иликтөөнү өтүнүп Тажикстандын Тышкы иштер министрлигине нота жөнөттү.

Элчилик тараткан маалыматта маркум чек арадан «мыйзамсыз өткөн» деген айып менен эки жылга соттолгон жана № 6 абакта жатканы айтылат. Элчилик бул жаран качан кармалып, соту качан болгонун тактаган жок. Буга байланыштуу тажик тарап расмий комментарий бере элек.

Айрым бир маалыматтарга караганда, ал Кудайберди Бекмуратов атуу жаран.

Тажикстандын Хожент облусуна караштуу Гафуров райондук соту былтыр ноябрда «чек арадан мыйзамсыз өткөн» деп айыпталган кыргызстандык үч жаранга өкүм чыгарган. Ага ылайык, Айдарбек Хайдаров менен дагы бир жаран эки жылга эркинен ажыратылган. Ал эми үчүнчү кыргызстандык 18 жылга кесилген. Буга байланыштуу кыргыз бийлиги да, тажик тарап да маалымат берген эмес.

Эң көп окулган жаңылыктар