15:03
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Кыргызстанда Пакистан жарандарынын көбөйүп кетүүсүн ТИМ түшүндүрдү

Быйылкы жылдын июль айынын ортосунан тарта Кыргызстанга кирүү үчүн виза алууга арыз жазган Пакистан жарандарынын саны өсүп, 7,5 миң адамга виза берилген. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

ТИМ акыркы учурда өлкөдө Пакистан жарандарынын саны кескин көбөйүп кеткени боюнча түшүндүрмө берди.

«Пакистан жарандары Кыргызстанга келген максатын туризм деп айткандыктан улам 30 күнгө бир жолку виза берилет», — деп билдирген ТИМ.

Тышкы мамилелер боюнча ведомстводон «Электрондук виза» порталына келип түшкөн арыздар КРдин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинен да өтөрү айтылган.

«Электрондук виза» порталына келип түшкөн арыздар улуттук коопсуздук боюнча органдын макулдугунан өтөт. Анда Кыргызстанга бейчеки адамдардын кирип кетишине жол бербөө каралат. Маалымат иретинде билдирсек, 2021-жылдын июль-август айларында «Электрондук виза» аркылуу Пакистандын 7,5 миң жаранына виза толтурулган", — деп айтылат маалыматта.

Пакистандын жарандары үчүн визалык тартипти жөнөкөйлөтүү боюнча маалымат берген ТИМ ал нерсе БАЭде, Кувейтте, Катарда, Бруней-Даруссаламда, Оман Султанатында, Бахрейнде же Сауд Аравиясында туруктуу жашоого уруксаты барларга (резидент-картанын ээлерине) карала тургандыгын айтты. Анын алкагында Пакистан жарандарына бүгүнкү күндө 220 виза берилген.

Эң көп окулган жаңылыктар
25-апрель, бейшемби