03:23
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Түркмөн өкмөтү Казакстандагы жарандарын алып кетүү үчүн аба каттамын уюштурат

Түркмөнстандын бийлиги узак тыныгуудан кийин чет өлкөлөрдөгү жарандарын алып келүү боюнча кезектеги аба каттамын уюштурат. Бул тууралуу «Азаттыктын» түркмөн кызматы өз булактарына таянып билдирди.

Маалыматка караганда, каттамды уюштуруу Казакстандагы акыркы окуяларга байланыштуу жана аны бул өлкөдөн «Түркмөн аба жолдору» компаниясы 15чи же 16-январда аткарат деп күтүлүүдө.

Түркмөн өкмөтү акыркы жолу чет өлкөлөрдөгү жарандарын алып келүү үчүн аба каттамын былтыр 30-ноябрда уюштуруп, Москвадагы түркмөн жарандары мекенине жеткирилген.

Түркмөнстан чет өлкөлөрдөгү жарандарын алып келүү үчүн аба каттамдарын 2020-жылдын август айынан бери уюштуруп келет. Бүгүнкү күнгө чейин Орусиядан, Беларустан, Индиядан, Өзбекстандан, Түркиядан жана башка өлкөлөрдөн ондогон аба каттамдары аткарылган.

Бүгүнкү күндө чет өлкөлөрдө жүргөн түркмөн жарандарынын так саны белгисиз. Түркмөнстанда миграция боюнча статистикалык маалыматтар жарыяланбайт.