14:40
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Түркмөнстан Ооганстан менен чек арасына аскерлерин тарта баштады

Ашхабад түркмөн-ооган чек арасына оор артиллерия, аскердик тик учактарды жана учактарды тартууда. Ошондой эле запастагы аскерлерди даярдыкка келтирип жатат.

Түркмөнстандын коопсуздук агенттигиндеги жогорку даражалуу аткаминерлердин бири «Азаттыктын» тажик кызматына билдиргендей, Мары шаарынын жака белиндеги гарнизондогу аскерлер чек арага жөнөтүлдү.

Ошол эле маалда Түркмөнстан «Талибандын» өкүлдөрүн Ашхабадга чакырганы кабарланууда. Бул маалыматты талибдердин Катардагы расмий өкүлү Мухаммад Наим ырастады.

«Эки өлкө ортосундагы экономикалык жана саясий байланыштар, ошондой эле чек аралардын коопсуздугу маселелери талкууланды. Биздин өкүлдөрдү Түркмөнстандын тышкы иштер министринин орун басары тосуп алды», — деп билдирди ал.

Өз кезегинде «Азаттыктын» түркмөн кызматы өз булактарын таянып, «Түркмөнстандын өкмөтү «Талибан» өкүлдөрүнүн сапарын жашырып жатканын, түркмөн тарап талибдерден Ашхабаддагы сүйлөшүүлөрдү ачыкка чыгарбоону өтүнгөнүн кабарлады.

«Түркмөн тарап Кабулдагы расмий бийликтин ачуусуна тийгиси келген жок. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө биринчи кезекте кол салбоо жана качкындардын ыктымал агымын токтотуу жөнүндө сөз болду», деди ал.

Түркмөнстан менен Ооганстандын чек арасынын жалпы узундугу 800 чакырымды түзөт.

Эң көп окулган жаңылыктар