Улуттук банктын төрагасы Кубанычбек Бөкөнтаев Кыргызстандын элин келе жаткан 2022-жылы менен куттуктады.
«Сиздерге чың ден соолук, бакыт-таалай жана ар бир үй-бүлөдө бакубатчылык каалайм. Жыл жаңы ийгиликтердин, бакубаттуулуктун жана өнүгүүнүн жылы болсун», - деп белгиледи Улуттук банктын башчысы.
Эскерте кетсек, бул Кубанычбек Бөкөнтаевдин КР Улуттук банкынын жетекчисинин статусундагы биринчи жаңы жылдык куттуктоосу. Ал бул кызматка 2021-жылдын сентябрынын аягында дайындалган.