Садыр Жапаров бүгүн, 28-декабрда, Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигине катышуучу-мамлекет башчыларынын бейформал жолугушуусуна катышуу үчүн иш сапары менен Санкт-Петербург шаарына учуп кетти. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Кыргызстан делегациясынын курамында:
— тышкы иштер министри Руслан Казакбаев;
— президент администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Жээнбек Кулубаев;
— Россиядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Гульнара-Клара Самат.