Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев «Калктын аз камсыз болгон бөлүгүн колдоо жана социалдык коргоону күчөтүү тууралуу» токтомго кол койду. Бул тууралуу президенттик администрацияга жакын «Нигох» Telegram-каналы кабарлады.
Документке ылайык, быйыл декабрда төмөнкү категориядагы үй-бүлөлөр 800 миң сум (73 доллар) өлчөмүндө бир жолку материалдык жардам алышат:
- 2021-жылдын ичинде «Темир дептердеги» тизмеге кошулган үй-бүлөлөр;
- 18 жашка чыга эле баласы бар жана багуучусун жоготкону үчүн пенсия же жөлөк пул алып жаткан үй-бүлөлөр;
- 18 жашка чыга элек майып балдары бар жана жөлөк пул алып жаткан үй-бүлөлөр.