20:41
USD 87.00
EUR 90.41
RUB 0.84

Кыргыз-тажик чек арасында дагы ок атылды

Баткен облусунун Тажикстан менен чек аралаш аймагындагы Максат айылына жакын жерде — Арка-Максат жолунда бараткан автоунаага «ок атылды» делген тасма 22-декбарда түштөн кийин соцтармактарда тарады. Бул окуя боюнча Баткен облустук чек ара башкармалыгынын жетекчиси тажикстандык кесиптештери менен жолугушуп жатканы маалым болду.

«Алдын ала маалыматтар боюнча, кыргыз жараны Лейлек районунун Максат — Жаштык жолунда КамАЗ үлгүсүндөгү унаа менен кетип бара жаткан. Жол кыргыз-тажик чек арасын бойлой жайгашкан. Айдоочу арыктан суу алуу үчүн токтогон маалда анын жанына Тажикстандын үч чек арачысы келип, унаага отуруп, андан Тажикстандын аймагына өткөрүүнү талап кылышкан. Айдоочу жолун үчөө менен улантып бара жатып башка автоунаанын жолун тосуп, кыйкырганга жетишкен. Чек арачылар КамАЗдан түшүп, айдоочу андан ары жолун улап кеткен. Бирок тажик чек арачылары автоунааны үч ирет атышкан. Ок чыгаруудан айнектер сынып, ал сыныктардан айдоочу жаракат алган», — деп жазылат Чек ара кызматынын маалыматында.

Учурда Кыргызстандын Лейлек району менен Тажикстандын Ганчинский районунун чек ара өкүлдөрү жолугушуу өткөрүп жатканы кошумчаланды.

Окуяны териштирүү үчүн жеринде УКМКнын Чек ара кызматынын Баткен облусу боюнча башкармалыгынын начальниги Кыялбек Төлөнбаев иштеп жатат. Чек ара кызматы кырдаалга көз салып турары айтылды.

Эң көп окулган жаңылыктар