03:36
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

УКМК милдетин татыктуу аткарууда. Садыр Жапаров чекисттерди куттуктады

Садыр Жапаров бүгүн, 20-декабрда, Улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлеринин күнү менен куттуктады.

Анда мамлекет башчы чекисттердин ишмердүүлүгү мамлекеттик жана коомдук турмуштун ажырагыс бир бөлүгү экенин белгилеген.

«Мыйзамдуулук жана коопсуздукту сактоо менен өлкөнүн өнүгүүсүн камсыз кылууга зор салым кошуп келесиздер. Дүйнө жүзү боюнча технологиянын тездеп өнүгүшүнүн пайдасы менен бирге коркунучтары да түйшүк жаратып жаткан убакта сиздердин күч-аракеттер баа жеткис. Биздин атайын кызмат өлкө жарандарынын, коомдун жана мамлекеттин коопсуздугун, эгемендигин, конституциялык түзүлүшүн, аймактык бүтүндүгүн ички жана тышкы терс аракеттерден коргоо жаатындагы негизги милдеттерин татыктуу аткарууда. Ошентсе да бул кесиптин жоопкер өкүлдөрү катары мекенибизге каршы ыктымал коркунучтардын алдын алууга ар дайым даярсыздар деп ишенем», — деди Жапаров.

Ошондой эле ал улуттук коопсуздуктун деңгээлин жогорулатуу экономиканы алга жылдыруу үчүн жагымдуу шарттарды түзөрүн айткан. Бул мамлекетте туруктуу абалды камсыз кылууга жана өлкөнүн гүлдөп-өсүшүнө жол ачат.

«Бул жаатта коюлган милдеттерге жетишүү үчүн атайын кызматкерлер билимин, тажрыйбасын, кесиптик чеберчилигин жогорулатуу боюнча талбай иштеши керек. Анткени ары түйшүктүү, ары сыймыктуу кызматыңыздарды мыкты аткарууңуздарга жеке эле жарандардын коопсуздугу гана эмес, бүтүндөй өлкөнүн бейкуттугу көз каранды. Мына ушундан улам өз кесибине жоопкер, абийирдүү, атуулдук сезими артык, өз ишинин мыкты адистери гана кызмат өтөйт», — деп белгиледи мамлекет башчы.

Соңунда улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлерине жана ардагерлерине бекем ден соолук, майтарылгыс эрк каалап, мекендин жыргалчылыгы үчүн кызмат кылууга чакырды.

Эң көп окулган жаңылыктар