Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Акылбек Жапаров министрлер кабинетинин төрагасынын — президент администрациясынын жетекчисинин милдетин аткаруучу болуп дайындалды.
Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Дагы бир жарлыгы менен президент Улукбек Мариповду министрлер кабинетинин төрагалыгынан бошотту.