USD87.45EUR98.13RUB1.03
24.kg

Декабрда кыргыз-өзбек чек арасындагы эки көзөмөл-өткөрмө бекет убактылуу жабылат

09:45, 26 ноября 2021, Бишкек - 24.kg

Кыргыз-өзбек чек арасындагы «Өзбекстан-Автодорожный» жана «Кызыл-Кыя-Автодорожный» көзөмөл-өткөрмө бекеттери 1-3-декабрь аралыгында жабылат. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, эки көзөмөл-өткөрмө бекет жол ондоо жана асфальт төшөө иштерине байланыштуу жабылат.

Бул убакыт аралыгында товар жана транспорт каражаттары «Достук-автодорожный» көзөмөл-өткөрмө бекети аркылуу өткөрүлөт.

Чек ара кызматы билдиргендей, 4-декабрдан тартып «Кызыл-Кыя-Автодорожный» жана «Өзбекстан-Автодорожный» жолдору штаттык режимде иштеп баштайт.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика