15:19
USD 87.00
EUR 90.41
RUB 0.84

Кыргызстана саламаттыгын жана мүлкүн камсыздандыргандардын саны көбөйдү

Жылдын башынан бери 6 миңден ашык камсыздандыруу учурлары белгиленди. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитет билдирет.

Алардын маалыматында, 10 айда камсыздандыруудан өткөндөрдүн 67 пайызы өз алдынча саламаттыгын камсыздандырса, 48 пайызы ыктыярдуу мүлктү камсыздандырууга жана 28 пайызы медициналык камсыздандырууга туура келди.

Камсыздандыруу компаниялары 177 миң келишимдери түзүлдү, бул өткөн жылдын тиешелүү мезгилине караганда 1,7 эсеге көп.

Түзүлгөн келишимдер боюнча камсыздандыруу суммасы өткөн жылга салыштырмалуу 1,6 эсеге көбөйүү менен 669 миллиард сомду түздү.

Статкомдун маалыматында, 2020-жылдын январь-сентябрына салыштырмалуу камсыздандыруучу компаниялардын кирешеси 1,3 эсеге өстү жана 1,3 миллиард сомду түздү.

Ошол эле учурда компаниялар чыгымдардын 35 пайызын камсыздандыруу мүчөлүк салымдарын (сыйлыктарды) төлөп берүүгө жумшаган.

Эң көп окулган жаңылыктар