USD87.45EUR98.34RUB1.04
24.kg

Өзбекстанда окуучуну сабаган мугалим иштен алынды

09:17, 11 ноября 2021, Бишкек - 24.kg

Самарканд облусунун Пайарык районунда 8-класстын окуучусун сабаган математика мугалими иштен алынды. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар кабарлашты.

Маалыматка караганда, мугалим окуучу баланы кечигип келгени үчүн таякча менен сабап, анын буттары көгала болгон.

Кийинчерээк Самарканд облустук элдик билим берүү башкармалыгы атайын түзүлгөн жумушчу топ менен биргеликте окуучунун апасынын кайрылуусун карап чыккан. Жыйынтыгында мугалимге карата дисциплинардык чара көрүлүп, ал иштен алынган.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18