11:41
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Садыр Жапаров: Исхак Раззаков элди агартууга зор эмгек жумшаган

Бишкек шаарындагы Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда мамлекеттик ишмер Исхак Раззаковдун 110 жылдыгы белгиленди. Ага президент Садыр Жапаров катышып, куттуктоо сөзүн сүйлөдү.

Өлкө башчысы Исхак Раззаковдун «Мен таза болсом, сен таза болсоң, коом да таза болот» деген асыл кеби суудай сиңип, башкы үлгүгө айланып кеткенин белгиледи.

«Анын таасын, таамай айткан бул сөзү бүгүнкү күндө дагы негизги урааныбыз болуп келет», — деди президент.

Эч нерседен тайманбаган, көзгө тике карап, бетке айткан, көкүрөгү таза инсан Исхак Раззаков өз элин, өз жерин көтөрүүнүн жолдорун издеп, элибиздин билимдүү-илимдүү болушу үчүн зор эмгек жумшаган.

Садыр Жапаров.

Садыр Жапаров Исхак Раззаковдун жөндөмдүүлүгүнүн жана иштин көзүн билген уюштуруучулугунун натыйжасында республиканын билим берүү, маданият, эл чарбасы, экономика, өндүрүш тармактары өнүгүү жолуна түшкөнүн кошумчалады.

Исхак атабыз сөзгө чечендиги менен бирге айткан сөзүнө турган кыраакы жетекчи болгондугу дагы аңыз кепке айланган.

«Мындай ар тараптан өнүккөн, жан дүйнөсү таза, сөзү менен иши дал келген, мекенчил, залкар инсандар эл ичинде эч качан унутулбайт», — деди президент.

Белгилей кетсек, Исхак Раззаков 1910-жылы 25 -октябрда Лейлек районунда туулган. Былтыры өлкөдөгү кырдаалга байланыштуу 110-жылдыгы белгиленбей, 2021-жылга жылдырылган.

Эң көп окулган жаңылыктар