13:17
USD 89.12
EUR 94.98
RUB 0.95

Өзбекстанда 200дөн ашуун ооганстандык ара жолдо калды

Өзбекстанда 200дөн ашуун ооганстандык жаран артка кайта албай, же Өзбекстанда кала албай, же үчүнчү өлкөгө чыгып кете албай турушат.

Термез шаарындагы ооган коомунун аксакалы Мухаммед Касим Низаминин айтымында, алардын арасында Ооганстандын коопсуздук күчтөрүндө, сот системасында жана прокуратурасында иштеген белгилүү адамдар бар.

Алардын баары бул өлкөгө кыска мөөнөттү виза менен кирип, Сурхандарыя облусунун администрациясынын көмөгү менен 48 ооган жаранынын визасы үч айга узартылган.

Ташкентте жашаган оогандыктардын айтымында, айрымдары айып пулга жыгылып, виза мөөнөтүн узартуу сунуштары четке кагылган. Эки журналист 25 күн мурун Ооганстанга кайтууга аргасыз болгон.

«Алардын визасы узартылган жок, айып пулга жыгылышты. Айып пулдун суммасы канча экенин билбейм. Алардын такыр акчасы жок болчу, артка кайтышты. Эми жашынып жүрүшөт. Алар Dostum TVда иштешчү, азырынча Ооганстан алар үчүн кооптуу», — деди атын атабоону өтүнгөн оогандык журналист.

Өзбекстандын расмий өкүлдөрү бул окуя боюнча түшүндүрмө бере элек.

Бул арада Өзбекстандын Ооганстандагы элчилиги 2000дей оогандык өлкөдө виза менен жүргөнүн кабарлады. Негизинен булар бизнесмендер жана студенттер. Соңку мезгилдерде 3-6 айлык виза менен Өзбекстанга кирген ооганстандык өзбектердин саны да көбөйгөн.

Октябрдын башында өзбек өкмөтү Ооганстан менен чек арасын жапкан. Кыска мөөнөттү виза алган оогандыктар да Өзбекстанга киргизилген жок.

Эң көп окулган жаңылыктар