23:19
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Кыргызстан 2024-2025-жылдары энергетикалык кризистен чыгат

«2024-2025-жылдары энергетикалык кризистен чыгабыз», — деди КР президенти Садыр Жапаров Бишкекте өткөн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана жергиликтүү мамлекеттик администрация башчыларынын республикалык кеңешмесинде.

Кеңешмеде сөз сүйлөгөн мамлекет башчысы учурда барын тынсыздандырып жаткан электр энергиясы көйгөйүнө токтолду.

«Сөздүн ачыгы жакшы. Азыр электр энергиясын Түркмөнстандан алып жатабыз. Казакстан менен Өзбекстан да мурдагы келишимдерге ылайык, электр энергиясын берип жатышат. Биз электр энергияны кошуна өлкөлөрдөн бүгүн эле импорттоп жаткан жокпуз. 2010-жылдан бери бүгүнкү күнгө чейин электр энергиясы импорттолуп келет экен. 2014-жылдан бери бир киловатты 5 сомдон алып, элге 0,77 тыйындан берип келишкен экен. Ортодогу айырма элдин эсебинен, тагыраагы казнадан кеткен чыгым болуп келген. Бир нече миллиарддаган сомдор чыгым болуп кеткен. Мен мындай кыянатчылыкка жол берген жокмун. Учурда эки сомдун тегерегинде алып жатабыз. Менин тапшырмам менен энергетика министри элден «күндүз светти өчүргүлө, үнөмдөгүлө, «Токтогулдагы» суубузду сактап калалы» деп суранды. Ал сууну биз сугатка пайдаланбайбыз. Өзбекстан менен Казакстан пайдаланат», — деди президент

Жапаров Кыргызстан сууну 90%га электр энергиясын иштеп чыгуу үчун пайдалана турганын белгиледи. «Эгер өзүбүздүн жеке кызыкчылыгыбызга карап, электр кубатын алуу үчүн эле пайдалансак, «Токтогулдагы» суубуз кышка кеңири жетет. Бирок жаздан баштап кайра күзгө чейин сууну толтуруш үчүн «Токтогулду» толук жабышыбыз керек болот. Андай кылсак, анда кошуна мамлекеттер жайында суусуз калышат. Ошондуктан алар да бизге электроэнергиядан, ун буудай, жана башка азык-түлүктөн жардам берип жатат», -деди Жапаров.

Эң көп окулган жаңылыктар