15:56
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Мирзиёев Ташкентте 18 жыл «каттоосуз» жашаганын айтты

Экинчи мөөнөткө талапкерлигин коюп жаткан Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 19-октябрда Ташкенттин Алмазар районундагы студенттик шаарчада шайлоочулар менен жолугуп, баш калаадагы кыйын күндөрү жөнүндө айтып берди.

Мамлекет башчынын айтымында, ал Жизак облусунда төрөлгөнүнө карабастан, 18 жашынан бери Ташкентте жашап, окуп, бул шаардын тургундарынан тарбия алган.

«Батирде жашап, кыйын күндөрдү баштан кечиргем. Ошондуктан турак жай маселесине олуттуу мамиле кылам. Мен «жашаган жеримде катталбай» (прописка жок) 18 жыл жашагам. Көрсө бул маселени чечсе болот экен да!», — деди Мирзиёев.

Өткөн жумада Өзбекстандын парламенти «жашаган жеринде катталуу» деген түшүнүк «моралдык жактан эскиргени» айтылган мыйзам долбоорун талкуулаган.

Былтыр Шавкат Мирзиёев Ташкент шаары жана облусунда катталуу системасын жөнөкөйлөштүргөн буйрукка кол койгон. Документте башкалаада катталуу үчүн айрым талаптарды алып салуу каралган.

Президент мындан тышкары шайлоочулар менен жолугушуусунда репрессия маселесине да токтолду.

«Эгер биздин 100 000 окумуштуубуз репрессияга кабылбаганда, бүгүн биз Төртүнчү ренессанс тууралуу сүйлөп жатмакпыз. Анткени алар улуу өзбек элинин уулдары өтө күчтүү экенин билишкен... Биз тарыхыбызды кайрадан калыбына келтирүүгө көп нерсе кылдык. Бул алгачкы кадамдар», — деди Мирзиёев.

Өзбекстанда президенттик шайлоо 24-октябрда өтөт.

Эң көп окулган жаңылыктар
24-апрель, шаршемби