Президенттин аппаратында жаңы дайындоолор жүрдү. Ага ылайык Мурат Укушов президенттин администрациясынын президенттин жана министрлер кабинетинин укуктук жактан камсыз кылуу башкармалыгынын начальниги болуп дайындалды.
Алтынбек Эргешов президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын начальниги, Кубатбек Кожоналиев президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгынын начальниги, Алмаз Исанов саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын начальниги болуп дайындалды.