13:56
USD 88.91
EUR 94.75
RUB 0.95

Өзбекстанда өз баласын сатууга аракет жасаган келин кармалды

Өзбекстандын Сырдарыя облусунун Гүлистан шаарында беш күндүк ымыркайын 5000 долларга сатууга аракет жасаган аял кармалды.

Сырдарыя облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы билдиргендей, келин акча алып жаткан учурда кармалган. Ушул тапта тергөө амалдары жүрүүдө.

Мындан бир күн мурун Ташкент шаардык соту үч күндүк баласын 18 миң долларга сатууга аракет жасаган анжияндык келинге карата өкүм чыгарган. Ал Өзбекстандын Жазык кодексинин «Адам соодалоо» беренеси боюнча айыпталып, беш жылга эркинен ажыратылган.

Эң көп окулган жаңылыктар