Баткенде кармалган контрабандалык жүзүм жүктүлгөн жети унаа жүктөлдү. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы билдирди.
Алардын маалыматында, жүк ташуучулар Бузуулар кодексинин 260-беренеси менен жоопко тартылып, 52 миң сом айып салынган. Айып пул төлөнгөндөн кийин кармалган жүк 252 миң 34 сом өлчөмүндө бажы төлөмүн да төлөгөн.
Белгилей кетсек, 6-октябрь түнү Баткенде Тажикстандан алып чыккан 7 унаага жүктөлгөн 22 тонна жүзүм кармалган.