14:46
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Министрлер кабинетинин мүчөлөрү дайындалды

Садыр Жапаров кол койгон жарлыктар министрлер кабинетинин жетекчилери дайындалды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирет.

Жарлыктарга ылайык:

  • Данияр Амангелдиев экономика жана коммерция министри болуп дайындалды;
  • Алмаз Бакетаев финансы министри болуп дайындалды;
  • Руслан Казакбаев тышкы иштер, тышкы соода жана инвестициялар министри болуп дайындалды жана мурда ага жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулду;
  • Аяз Баетов юстиция министри болуп дайындалды;
  • Эркинбек Осоев транспорт жана коммуникациялар министри болуп дайындалды жана мурда ага жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулду;
  • Аскарбек Жаныбеков айыл чарба министри болуп дайындалды жана мурда ага жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулду;
  • Доскул Бекмурзаев энергетика министри болуп дайындалды жана мурда ага жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулду;
  • Динара Кутманова жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри болуп дайындалды жана мурда ага жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулду;
  • Алымкадыр Бейшеналиев саламаттык сактоо министри болуп дайындалды жана мурда ага жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулду;
  • Болотбек Купешов билим берүү жана илим министри болуп дайындалды жана мурда ага жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулду;
  • Азамат Жаманкулов маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри болуп дайындалды;
  • Кудайберген Базарбаев эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри болуп дайындалды жана мурда ээлеген кызматынан бошотулду;
  • Бактыбек Бекболотов коргоо министри болуп дайындалды жана мурда ага жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулду;
  • Улан Ниязбеков ички иштер министри болуп дайындалды жана мурда ага жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулду;
  • Бообек Ажикеев өзгөчө кырдаалдар министри болуп дайындалды мурда ага жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулду.
Эң көп окулган жаңылыктар