00:59
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Бишкек шаарына жылуулук берилет

5-октябрдан баштап Бишкек шаарына жылуулук берилет. Алгач балдар бакчалары, мектептер, ооруканалар, төрөт үйлөрү жана социалдык коргоо мекемелери жылуулулукка туташтырылат. Андан соң турак-жайларга, карызы жок өндүрүш ишканаларына жана мекеме-уюмдарга берилет.

Тийиштүү токтомго мэр Айбек Жунушалиев кол койгону расмий кабарланды.

Кыргызстанда 1-октябрдан аба ырайы кескин өзгөрүп, суук түштү. «Кыргызгидромет» өлкөнүн көпчүлүк аймагында жаан-чачын болуп, тоолуу жерлерге кар жаай турганын кабарлаган. 5-октябрда бир катар облустарда үшүк жүрөт деп эскертилген.

Эң көп окулган жаңылыктар