01:32
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Садыр Жапаров үйүн Мамлекеттик ипотекалык компанияга өткөрүп берди

Президент Садыр Жапаров Бишкектеги үйүн  «Мамлекеттик ипотекалык компания» ААКсынын балансына өткөрүп берди. Бул тууралуу өлкө башчысынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка караганда, Садыр Жапаров өткөрүлүп жаткан турак жайдын документтерин жеке өзү тапшырып жана «МИК» ААК башкармалыгынын төрайымы Аида Төлөгөновага аталган кыймылсыз мүлктү көрсөтүп берди.

Президенттин айтымында, бул үйдү үй-бүлөсү менен 2005-жылы эле сатып алышкан. Кийинчерээк, 2010-жылдары башка жакка көчүп кетишип, үй ошол убактан бери бала бакча катары иштеп келген.

«Муну менен биз колунда бар, мүмкүнчүлүгү болгон кыргызстандыктарды колдоого чындап муктаж болгондорго жардам берүүгө чакыргыбыз келди. Көп адамдар үй сатып алуу үчүн чет өлкөгө иштегени кетип жатканы баарына маалым. Ошондуктан, шарттарды жеңилдетип, бардык жарандар үчүн иштеген ишине карабастан жеткиликтүү кылуу максатында ипотекалык насыя берүү программасын өзгөртүү чечими кабыл алынды», - деп белгиледи Садыр Жапаров.

Эң көп окулган жаңылыктар