USD87.45EUR98.13RUB1.03
24.kg

Кабул университетине аялдарга жана кыздарга кирүүгө тыюу салынды

18:49, 29 сентября 2021, Бишкек - 24.kg

Кабул университети студент кыздарды жана аял окутуучуларды киргизбейт. Мындай чектөө университетте «чыныгы исламчыл чөйрө» түзүлмөйүнчө уланат. Бул тууралуу университеттин жаңы ректору Мохаммад Ашраф Гайрат билдирди.

«Талибан» радикал кыймылы (Кыргызстанда жана башка өлкөлөрдө тыюу салынган) эркек балдар менен эркек мугалимдер үчүн гана мектептерди ачууга буйрук берди.

Ооганстан дүйнөдө кыздар мектепке бара албай калган жалгыз өлкө болуп калышы мүмкүн. 1990-жылдары талибдер өлкөнү башкарып турганда аялдардын билим алуусуна тыюу салынган.

Кабул университетинин жаңы жетекчиси бир нече күн мурун окуу жайдын ректору, илимдин доктору, таанымал инттелектуал Мухаммад Осман Бабурини кызматтан четтеткен.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика