16:51
USD 88.57
EUR 95.33
RUB 0.97

Академик Кусеин Карасаевдин эстелиги ачылды

Бүгүн, 29-сентябрда Бишкек мамлекеттик университетинин (БМУ) аймагында илимпоз, академик Кусеин Карасаевдин эстелигинин ачылышы болду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Мамлекеттик катчы Чолпонбек Абыкеев он жылдай мурун Садыр Жапаров Кусеин Карасаевге эстелик орнотуу демилгесин көтөргөнүн айтып, эми президенттин жеке демилгесинин аркасында эстеликтин ачылышы болгонун белгиледи. Мамлекет башчынын куттуктоо сөзүн Абыкеев окуп берди.

«Академик атабыз кыргыз тили менен кошо кыргыз элинин маданиятын, тарыхын сактап калуу үчүн талыкпай эмгектенип, келечек муунга агартуучулук мурастарын калтырып кетти. Кусеин Карасаев — кыргыз элин билим дүйнөсүнө жетелеген адамдардын бири. Жүрөгү кыргыз деп соккон агайыбыздын «Кыргыз тилинин орфографиялык сөздүгү», «Орусча-кыргызча сөздүк», «Карасай сөздүк» аттуу эмгектери бүгүнкү жана эртеңки муундун көөнөргүс, баа жеткис мурасы жана байлыгы», — деген президент Жапаров.

Эң көп окулган жаңылыктар