07:50
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Centerra Gold Кумтөр боюнча эл аралык арбитраждык сотко кайрылат

Centerra Gold компаниясы Кумтөр алтын кенинин бүтүндүгүн, узак мөөнөттүк иш жөндөмдүүлүгүн сактап калуу жана талкаланып жок болуп кетүүдөн коргоо үчүн эл аралык арбитраждык сотко кайрылат.

Ишкана 28-сентябрда тараткан маалыматта, Кыргызстан өкмөтүнүн аракети кендин ишинин туруктуулугуна коркунуч келтирет деп билдирген.

Ага ылайык, Centerra Gold Inc компаниясы 27-сентябрда кыргыз өкмөтүнө жана «Кыргызалтын» ишканасына каршы токтоосуз чара көрүүнү эл аралык арбитраждык соттон өтүнөрүн жарыялады. Centerra ишканасынын беш жыл бою Кумтөр кенин башкарып келген операциялык директору Дэн Дежарден кыргыз өкмөтүн Кумтөр алтын кенин мыйзамсыз басып алууга айыптаган.

"Кумтөр кенин мыйзамсыз басып алгандан кийинки кыргыз бийлигинин билдирүүлөрү кенди бекитилген план боюнча иштетпей, зыянга учуратууга алып келерин ачыктап турат. Акыркы маалыматтар боюнча өкмөт кендин айланасындагы инфраструктураны суу ташкындан коргой албай, өндүрүштө кыйынчылыктарга дуушар болуп жатат. Алардын жалаң пайда көздөгөн аракети Кумтөр алтын кенине жана андагы жумушчулардын коопсуздугуна коркунуч келтирет«,-деген ал.

Мындан тышкары Centerra арбитраждык соттун чечими чыкканга чейин чукул соттук чаралар аркылуу кыргыз өкмөтүнө бир катар жоопкерчиликтерди артууну өтүнүүдө. Алар:

-Кыргызстандын бийлигин кыргыз өкмөтү тарабынан 2021-жылы Кумтөр алтын кенин иштетүү планын аткаруудан карманууга жана кендин иши тууралуу «Центеррага» маалымат берип турууга;

-Кыргызстанды жана «Кыргызалтын» ишканасын Centerra жана «Кумтор голд компани» ишканасынын активдерин тиешелүү каттоосуз жана үстөк төлөмдөрсүз алуудан карманууга;

-Кыргызстанды жана «Кыргызалтын» ишканасын арбитраждык процесске кийлигишүүдөн, анын ичинде жасалма айып пулдар, салык жана соттук териштирүүлөр, Центерранын өкүлдөрүн жана жумушчуларын коркутуп-үркүтүүлөр аркылуу кийлигишүүдөн карманууга милдеттендирүү.

Инвестициялык келишимдерге ылайык, Центерранын дооматтары Стокгольмдогу арбитраждык сотто каралат. Туруктуу арбитраждык сот лорд Хоффманнды Кумтөр маселесинде арбитр кылып шайлаган. Бул сотто АКШнын Нью-Йорк штатынын жана Англиянын мыйзамдары иштейт.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума