15:22
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Кыргызстанда аскер кызматкерлеринин айлык маянасы 50 пайызга көбөйтүлдү

1-августтан тарта Кыргызстанда аскер кызматкерлеринин айлык маянасы 50 пайызга көбөйтүлдү. Бул тууралуу маалымат жыйында Коргоо министрлигинин кызматкери Асхат Оморов билдирди.

Анын айтымында, маяна 30-50 пайызга көтөрүлдү.

«Эгер буга чейин командирлер 7 миң 600 сом алса, азыр 12 миң сом алышат. 9 миң сом алгандар 14 миң сом алып жатышат», — дейт ал.


Эң көп окулган жаңылыктар