11:50
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Кыргызстан Ооганстанга гуманитардык жардам жеткирди

Кыргызстан Ооганстанга гуманитардык жардам жеткирди. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматта Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Таалатбек Масадыков 23-сентябрда, Кабул шаарына Кыргызстандын элинин атынан Ооганстан элине гуманитардык жүк жеткирди.

Гуманитардык жүк жаңы түзүлгөн өкмөтүнүн Премьер-министринин биринчи орун басарынын милдетин аткаруучу молдо Абдул Гани Барадарга расмий тапшырылды.

Абдул Гани Барадар гуманитардык жардам көрсөткөндүгү үчүн Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаровго жана кыргыз элине ыраазычылык билдирди.

Сүйлөшүү учурунда молдо Абдул Гани Барадар коңшу өлкөлөр менен ишенимди бекемдөө чараларын күчөтүү зарылдыгын баса белгилеп, «Талибдерге» өлкөдө тынчтыкты орнотуу жана калктын жашоосун жакшыртуу үчүн экономика менен алектенүү зарылдыгын билдирди.

Мындан сырткары, Кабул шаарына болгон сапарынын жүрүшүндө Таалатбек Масадыков Ооганстандын тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Амир Хан Муттаки менен протоколдук жолугушуу өткөрдү.

Эң көп окулган жаңылыктар