06:21
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Садыр Жапаров БУУнун Башкы Ассамблеясынын 76-сессиясында сөз сүйлөйт

21-сентябрда Нью-Йорк шаарында Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы Ассамблеясынын 76-сессиянын жогорку деңгээлдеги жалпы дебатынын жумалыгы ачылат.

КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров БУУнун Башкы Ассамблеянын 76-сессиясынын алкагында дүйнөлүк коомчулуктун алдында видео-кайрылуу режиминде сүйлөйт.

Мамлекет башчысынын тапшырмасы боюнча КР тышкы иштер министри Руслан Казакбаев деңизге чыга албаган өлкөлөрдүн тобунун тышкы иштер министрлеринин, 2021-жылдагы Ядролук сыноолорго тыюу салуу келишимин, Энергетика боюнча жогорку деңгээлде өтүүчү диалог, Эл аралык ядролук куралды толук жок кылуу эл аралык күнүнө карата жогорку деңгээлдеги кеңешме, ошондой эле БУУнун жетекчилери менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.

Эң көп окулган жаңылыктар