13:28
USD 89.51
EUR 97.50
RUB 0.97

«Кумтөр» жана «Центерранын» мурдагы жетечилерине издөө жарыяланды

Канадалык «Центерра» компаниясы жана «Кумтөр Голд Компани» ишканасынын мурдагы жетекчилерине издөө жарыяланганын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) кабарлады.

Атайын кызмат бүгүн, 17-сентябрда тараткан маалыматта айтылгандай, «Кумтөр» кенин иштетүү боюнча жүрүп жаткан тергөөдө канадалык «Центерра» компаниясынын жогорку жетекчилигинин жана «Кумтөр» кенин иштеткен «Кумтөр Голд Компани» ишканасынын жетекчилери коррупцияга тиешеси бар экени аныкталган. Алар 2013-жылдын декабрында 200 миллион долларды чет элдик компаниянын эсебине мыйзамсыз которгону боюнча далилдер алынган.

Бул фактылар боюнча «Центерранын» мурдагы жетекчиси Ян Аткинсон, «Кумтөр Голд Компани» ишканасынын президенти Майкл Фишер, башкармалык кеңешинин төрагасы Андрей Сазанов, «Кумтөр Оперейтинг Компани» ишканасынын вице-президенти Жон Сьютерге сыртынан кылмыш иши козголуп, издөө жарыяланды.

Кумтөр иши боюнча буга чейин мурдагы президент Аскар Акаев баштаган он беш чакты мурдагы жана азыркы аткаминерлер, Жогорку Кеңештин депутаттары сурак беришкен. Айрымдары камалган. Кээ бирөөлөрү тергөө менен кызматташканы үчүн, айрымдары ден соолугуна байланыштуу үй камагына чыгарылган.

Эң көп окулган жаңылыктар