08:11
USD 89.51
EUR 97.50
RUB 0.97

Курсан Асановду № 50 тергөө абагына эки айга камалды

16-сентябрда Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун чечими менен Ысык-Ата районунун Төмөнкү Нооруз айылындагы № 50 тергөө абагына эки айга камалды.

14-сентябрда Ички иштер министрлиги Курсан Асанов «башка адамдар менен бирге алдын ала сүйлөшүп, бийликти күч менен басып алууга активдүү даярданып, уюштуруп жүргөн» деген шек менен Жазык кодексинин «Бийликти күч менен басып алуу» деген 309-беренесинин негизинде шектүү катары кармалганын билдирген.

Анын алдында интернетте Асанов менен Сарыбаевдин телефондон сүйлөшкөнү делген аудио тараган.

Адвокат Таалайгүл Токтакунова мурдагы министрдин орун басары фейк маалыматтын негизинде кармалганын жана күнөөсү жоктугун айткан.

15-сентябрда Асановдун шайлоо штабында иштеген Алмаз Сарыбаев да кармалган. Биринчи Май райондук сотунун чечими менен ал дагы эки айга камалды.

Асановдун адвокаттары № 50 колонияда өтө оор кылмыш жасагандар отурарын, 2015-жылы абактагылар күзөт кызматкерлерин өлтүрүп качып кеткен окуя ошол жерде болгонун белгилеп жатышат.

Эң көп окулган жаңылыктар