09:23
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Германия тажик жарандарын депортациялоодо

Германияда жүргөн тажикстандык айрым качкындар депортация коркунучунда калышканын билдиришти.

Алардын бешөө — Тажикстанда тыюу салынган «Ислам кайра жаралуу партиясынын» мүчөсү, калгандары — бийликтин куугунтугунан улам өлкөдөн чыгып кеткендер. Качкындар Тажикстанда аларды кыйноо жана түрмө күтүп турганын айтышууда.

«Полиция кызматкерлери агамдын үйүнө келишип, жубайы менен чогуу алып кетишкен. Агам Германияда башпаанек берүү боюнча өтүнмө бергенин, Тажикстанда аны жалган айып менен түрмөгө камап коюшарын айткан. Бирок аны эч ким уккан эмес: 11-августта агамды аялы менен Стамбул аркылуу Душанбеге жөнөтүштү», — деди тажикстандык качкын Саодатшо Сафаров.

Ал агасы Германия бийлиги аны кандайдыр бир атайын буйруктун негизинде депортациялаганын, бул өлкөдөн чыгарыла турган 37 тажикстандыктын ысымы жазылган тизме бар экенин кабарлаганын айтты.

Германияда башпаанек издеп жүргөн айрым кишилер «тажикстандыктарды депортациялоо боюнча кампания» Тажикстандын башкы прокурору Юсуф Рахмон бул өлкөгө иш сапар менен келип кеткенден кийин башталганын белгилешүүдө.

Башка бир качкындар аларга болгон мамиле 2020-жылы 15-апрелде терроризм шеги менен беш тажик мигранты кармалгандан кийин өзгөргөнүн айтышууда.

Тажикстандын Башкы прокуратурасы соңку аптада Германиядан 8 киши депортация болгонун тастыктады.

Эң көп окулган жаңылыктар