05:33
USD 84.80
EUR 99.50
RUB 1.16

Калмира Билимбек кызы жаштар арасында дүйнө чемпионатынын күмүш байгесин утту

Кыргызстандык балбан Калмира Билимбек кызы жаштар арасындагы Дүйнө чемпионатынын күмүш байгесин утту. 55 килограмм салмакта ат салышкан кыргызстандык кыз финалда беларустук спортчу Алеся Гетманова менен кез келип, 7:6 эсебинде жеңишти алдырды.

Мелдештин жүрүшүн Бириккен күрөш дүйнөсү (UWW) уюмунун расмий сайты түз алып көрсөттү.

Билимбек кызы жарым финалда россиялык Анастасия Яндушкинаны уткан.

Мелдеш Башкыртстандын Уфа шаарында өтүп жатат.

Эң көп окулган жаңылыктар