21:25
USD 87.45
EUR 102.55
RUB 1.10

Олимпиададан медаль утуп келген спортчуларды сыйлоо аземи өтөт

Токиодо өткөн Олимпиада оюндарынан медаль алган спортчулар менен Кыргызстандын курама командасына сыйлык тапшыруу аземи 23-августта өтөт. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.

Анын айтымында, иш-чара «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында болот.

Олимпиада оюндарынан Айсулуу Тыныбекова менен Акжол Махмудов күмүш, Мээрим Жуманазарова коло медалын утуп келишти.

Эң көп окулган жаңылыктар