15:51
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Бишкек мэриясы шаардыктарды диалогго чакырат

Бишкек шаарынын мэриясында вице-мэр Виктория Мозгачеванын «Шаардыктар менен борбордун мэриясынын ортосундагы ачык диалог» долбоору боюнча биринчи жумушчу жолугушуусу болуп өттү.

Ордо калаабызда алты 6 жолугушуу — шаардыктар менен ачык диалог жана жыйынтыктоочу тегерек стол өтөт.

Бардык жолугушуулардын жыйынтыгы боюнча 60 активдүү бишкектик байгеге ээ болушат. «Фейсбук» социалдык тармагындагы төрт акимчиликтин баракчалары боюнча суроолорду берсеңиз болот.

Долбоор борбор калаанын мэриясы, президентке караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясы жана «Адам, Мыйзам, Эркиндик », Сорос-Кыргызстан фондунун каржылык колдоосу менен ишке ашырылууда.

Биринчи жолугушуу 21 -августта саат 18:00дөн 20:00гө чейин Ден соолук паркында: Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн жеткиликтүү жана ыңгайлуу чөйрө темасында өтөт.

Эң көп окулган жаңылыктар