23:14
USD 88.34
EUR 95.27
RUB 0.96

Кол тийбестик. Жаңы мыйзамдар сотторго калыс болууга жардам береби

Кыргызстанда мыйзам актыларын жаңы Конституцияга шайкеш келтирүү иши жүрүүдө. Мамлекет башчысынын сайтында «Соттордун макамы» тууралуу мыйзам долбоору жарыяланды. Анда Конституциялык жана Жогорку соттун судьялары эле эмес жергиликтүү соттор тууралуу дагы айтылат. Соттордун кол тийбестиги күчөтүлүп, аларды мыйзам менен коргоого алуу сунушталууда. Демилгечилердин айтымында, бул сот тармагынын адилеттүүлүгүн камсыздайт.

Америкадагыдай кадам

Талдоочулар «Соттордун макамы» тууралуу мыйзам долбоору АКШнын сот тармагындагы мыйзамдык базасына окшоштугун айтышууда.

Айрыкча судьялардын кепилдиги боюнча бөлүмдөрдө окшоштуктар бар:

Судьянын көз карандысыздыгы төмөнкүлөр аркылуу камсыз кылынат:

1) сот адилеттигин мыйзам менен каралган тартипте гана жүзөгө ашыруу;

2) жоопкерчилик ким тарабынан болбосун соттун ишине коркутуу аркылуу кийлигишүүгө тыюу салуу;

3) судьянын алмашылбастыгы;

4) судьянын кол тийбестиги;

5) судьяны, анын жогорку статусуна ылайык мамлекеттин эсебинен материалдык жана социалдык жактан милдеттүү түрдө камсыз кылуу;

6) соттук өз алдынча башкаруу органдарынын иштеши;

7) отставкага чыгуу укугуна.

Сотторго кысым көрсөтүү жана аларды жоопкерчиликке тартуу өзүнчө берене менен белгиленет.
Сот адилеттигин жүзөгө ашыруу боюнча ишке ар кандайча кийлигишүүгө тыюу салынат. Судьянын сот адилеттигин жүзөгө ашыруу боюнча ишине кийлигишүүгө күнөөлүү адам мыйзамда каралган жоопкерчиликти тартат.

Судьядан конкреттүү сот иши боюнча отчет талап кылууга эч кимдин укугу жок.
Процесстик мыйзамда каралган учурлардан жана тартиптен тышкары, судья каралган же анын өндүрүшүндө турган иштердин маңызы боюнча кандайдыр бир түшүндүрмөлөрдү жасоого, таанышуу үчүн ишти кимдир-бирөөгө берүүгө милдеттүү эмес.

Судьянын кол тийбестиги

Судья кылмыш жасаган жеринде кармалгандан башка учурларда кол тийбестик укугуна ээ жана кармалууга жана камакка алынууга, тинтилүүгө же жекелей текшерүүгө кабылууга тийиш эмес.

Судья кылмыш жасаган жеринде кармалгандан башка учурларда кол тийбестик укугуна ээ жана кармалууга жана камакка алынууга, тинтилүүгө же жекелей текшерүүгө кабылууга тийиш эмес.

Кылмыш жасаганынын шектүүлүгү боюнча кармалган же башка негиз боюнча же болбосо кайсы бир укук коргоо органдарына мажбурлап алынып келинген судья, эгерде кармалган учурда бул судьянын инсандыгы белгилүү болушу мүмкүн болбосо, анын инсандыгы аныкталгандан кийин токтоосуз бошотулууга тийиш.

Судья, анын ичинде ыйгарым укуктары токтотулгандан, кызматынан бошотулгандан кийин судьянын ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырып турган мезгилде жасаган укукка каршы жосуну үчүн сот тартибинде салынуучу жазык жана административдик жоопкерчиликке ушул конституциялык мыйзамда белгиленгенден башкача тартипте тартылышы мүмкүн эмес.

Башка адамдардын коопсуздугун камсыз кылуу максаттарында, мыйзамда каралган учурларды кошпогондо, судьяны жекелей текшерүүгө жол берилбейт.

Конституциялык соттун, Жогорку соттун судьяларына коюлуучу талаптар, аларды шайлоонун тартиби дагы өзгөрдү.

Конституциялык жана Жогорку сотко 40тан жаш эмес, 70 жаштан улуу эмес, «Юриспруденция» адистиги боюнча жогорку юридикалык билими же тиешелүү багыт боюнча «бакалавр» академиялык даражасы бар болсо, «магистр» академиялык даражасын ыйгаруу менен «Юриспруденция» даярдык багыты боюнча жогорку билими жана юридикалык кесип боюнча он беш жылдан кем эмес иш стажы, анын ичинде биш жылдан кем эмес судьялык стажы бар, мамлекеттик жана расмий тилдерди билген Кыргыз жараны судья боло алат.

Ошентип соттор толук кол тийбестикке ээ болууда.

Ал эми Жогорку сот менен Конституциялык соттун жетекчилерин президент дайындашы аларды өлкө башчысына көз-каранды кылууда. Президент соттордун жетекчилерин кайра чакырып, кызматтан ала алат.

Бирок, мындай кооптонууга экс-премьер-министр Феликс Кулов кошулбайт. Анын айтымында, соттордун президент тарабынан дайындалышы туура.

«Биздеги ууру жана аймактык бөлүнүү учурунда сотторду шайлоо — бул утопия. Конституциянын гаранты болгон президент дайындаганы туура. Өлкө башчысы тарабынан дайындалган соттор мыйзамды сактабаса биринчи кезекте анын өзүнө урулган сокку болот», — дейт ал.

Саясат талдоочу Шерадил Бактыгулов дагы соттордун кол тийбестиги башка өлкөлөрдө дагы жакшы камсыздаларын, бул боюнча эл аралык нормалар бар экенин белгилейт.

«Албетте кол тийбестикке таянып, соттор пара алышы мүмкүн. Бул жерде мыйзам долбоордун авторлоруна өзүнчө дагы механизмдерди иштеп чыгуу талап кылынат», — дейт Шерадил Бактыгулов.

Эң көп окулган жаңылыктар