18:36
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

COVID-19. AstraZeneca вакцинасын колдонууну убактылуу токтотулду

Кыргызстан коронавируска каршы AstraZeneca вакцинасын колдонууну убактылуу токтотту. Бул тууралуу 6-августта Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги кабарлады.

Буга Жалал-Абадда аталган вакцинаны сайгандан кийин 44 аскер кызматкеринин абалы начарлаганы себеп болгону, бул окуя менен вакцинанын байланышы барбы же жокпу, аныктоо үчүн республиканын бардык аймактарында аны колдонуу убактылуу токтотулганы маалым болду.

«Азыр 44 аскер кызматкеринин баарынын абалы туруктуу, алар дарыгерлердин көзөмөлүндө» деп айтылат маалыматта.

Жалпысынан Жалал-Абад облусуна Astra Zeneca вакцинасынан 4000 доза жөнөтүлгөн, анын 211и сайылган. Окуя болгон Ала-Бука аскердик бөлүгүндө 90 кызматкер эмделген.

Учурда республиканын бардык аймактарында «Спутник V», Sinopharm жана AstraZeneca вакциналарын алууга шарт бар. Эмделгендердин жалпы саны 600 миңден ашты. Вакцинанын эки дозасын алгандарга атайын сертификат тапшырылат.

Буга чейин вакцинадан кийин абалы начарлаган учурлар расмий катталган эмес.

Эң көп окулган жаңылыктар