USD87.45EUR97.88RUB1.03
24.kg

Министрлер кабинетинде пенсияны жогорулатуу маселеси талкууланды

10:26, 06 августа 2021, Бишкек - 24.kg

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов 5-августта Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине караштуу Социалдык фонддун төрагасы Жаныбек Орозалиевди кабыл алды.

Кеңешменин жүрүшүндө Социалдык фонддун иши, анын ичинде пенсиялык камсыздоонун учурдагы абалы каралды.

Социалдык фонддун төрагасы үстүбүздөгү жылдын соңуна чейин пенсияларды жогорулатуу механизмдери жана пенсиялык камсыздоо тутумун реформалоонун негизги артыкчылыктары, анын катарында пенсияны дайындоо процедураларын жөнөкөйлөштүрүү тууралуу маалымат берди.

Улукбек Марипов белгилегендей, пенсиялык камсыздоо тутумун реформалоо жарандарга карата акыйкаттуулукту сунуштап, мурда төлөнгөн суммага шайкеш пенсия менен камсыздоосу тийиш.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика