06:12
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Министрлер кабинети Digital CASA долбоору тууралуу түшүндүрмө берди

«Digital CASA — Кыргыз Республикасы» долбоору өлкө үчүн артыкчылыктуу мааниге ээ, министрлер кабинети тарабынан долбоор боюнча ишти күчтөндүрүү боюнча бир нече ирет тапшырмалар берилген. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирет.

Долбоорду ишке ашыруу 2018-жылы башталгандыгына карабастан, Санариптик өнүктүрүү министрлиги тарабынан долбоордун 4 компонентинин бири дагы ишке ашырылган эмес, натыйжада тараптар аркылуу долбоорду реструктуризациялоо маселеси каралган.

Буга катар Дүйнөлүк банк тарабынан долбоор боюнча жыйынтык жок болуп жаткандыгы тууралуу бир нече ирет белгиленген.

Долбоорду реструктуризациялоо жөнүндө жүргүзүлгөн талкуулардын жана кеңешмелердин жыйынтыгы боюнча Дүйнөлүк банк долбоордун учурдагы каржылоосун токтотуп, жаңы долбоорду баштоого даярдык көрүп баштоону сунуштады.

Белгиленгендей, санариптештирүү мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыты болгондугуна карабастан, тармактык ведомство тарабынан «Digital CASA — Кыргыз Республикасы» долбоору боюнча техникалык тапшырмалар иштелип чыккан эмес жана стратегиялык жактан маанилүү долбоор боюнча сынактар жарыяланган эмес.

Дүйнөлүк банктын кайрылуусун, ошондой эле үч жыл аралыгындагы долбоорду ишке ашыруу боюнча канааттандырарлыксыз ишти эске алуу менен Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан Дүйнөлүк банк менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү жана «Digital CASA — Кыргыз Республикасы» долбоорун мындан ары ишке ашыруу боюнча конкреттүү чечимдерди иштеп чыгуу тууралуу тийиштүү тапшырмалар берилген.

Өз кезегинде Дүйнөлүк банк белгилегендей, Кыргыз Республикасын санариптик өнүктүрүүдө мындан ары колдоого умтулат жана учурда Министрлер Кабинети жана Дүйнөлүк банк санариптик модернизациялоонун жаңы долбоорун иштеп чыгуу мүмкүнчүлүгүн кароодо.

Дүйнөлүк банк тобу коррупцияга карата жол бербөө саясатын карманат, алдамчылык жана коррупция боюнча билдирүүлөр олуттуу түрдө каралат жана Алдамчылык жана коррупциянын алдын алуу көзкарандысыз департаменти тарабынан иликтенет.

Ошол эле учурда министрлер кабинетинин жетекчилигинин коррупциялык көрүнүштөргө байланыштыгы боюнча чындыкка дал келбеген маалыматты таркатууну туура эмес деп эсептейбиз.

Эң көп окулган жаңылыктар