10:41
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Алмазбек Бейшеналиев Кыргызстандын Швейцариядагы элчиси болуп дайындалды

Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Бириккен улуттар уюмундагы жана Женева шаарындагы эл аралык башка уюмдардагы Кыргыз Республикасынын туруктуу өкүлү Алмазбек Бейшеналиев Кыргыз Республикасынын Швейцария Конфедерациясындагы Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды.

Тийешелүү маалыматты президенттин басма сөз кызматы таркатты.

Эске салсак, буга чейин Алмазбек Бейшеналиев билим берүү министри болуп иштеп келген.

Эң көп окулган жаңылыктар