10:44
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Алмаз Мамбетов Ош шаарынын мэринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды

Алмаз Мамбетов Ош шаарынын жаңы мэри шайланганга чейин Ош шаарынын мэринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, тийиштүү буйрукка министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кол койду.

Алмаз Мамбетов буга чейин мамлекеттик каттоо кызматы жетектеп, 2021-жылдын май айынан тарта президент аппаратында иштеген.

Ал Балыкчы шаарынын мэри болуп турганда укук коргоочуну сөгүп салганы менен эсте калган.

Эң көп окулган жаңылыктар