13:39
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

COVID-19. Бир суткада 1 миң 102 кишиден вирус аныкталып, 9 киши каза болду

Кыргызстанда 17-июлга карата коронавирус дагы 1 миң 102 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Бишкек шаарында — 827, Ош шаарында — 10, Чүй облусунда — 65, Ош облусунда — 24, Талас облусунда — 9, Нарын облусунда — 12, Ысык-Көл облусунда — 55, Жалал-Абад облусунда — 20, Баткен облусунда — 80 адамдан илдет табылган.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкекте 5, Нарын облусунда 1, Чүй облусунда 3 бейтап каза болгон.

2021-жылдын март айынан бери 152 миң 709 адам коронавирус жуктуруп, 2 миң 205 адам каза болду.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума